# 61-берене. Адистештирилген прокуратуралардын ишинин негизги багыттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: VIII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 61-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-61

---

1. Адистештирилген прокуратуралар өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөндөгү негизги маселелер боюнча аракеттенишет:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын транспортто жарандар жана кызмат адамдары тарабынан аткарылышын көзөмөлдөө;

2) сот дайындаган мажбурлоо мүнөзүндөгү жазаларды аткарган орган жана мекемелердин администрацияларынын, кармалган жана камакка алынгандарды кармоо жайларындагы администрациялардын мыйзамдарды сакташын көзөмөлдөө;

3) ушул пункттагы көрсөтүлгөн чөйрөлөрдөгү органдардын жана мекемелердин, кызматтык адамдардын укуктук актыларынын чоң юридикалык күчкө ээ болгон укуктук ченемдик актыларына ылайык келишин көзөмөлдөө.

2. Адистештирилген прокуратуралар мыйзамдарда белгиленген тартипте жана учурларда кылмыш жасаган адамдарды кылмыштык куугунтукка алышат, сотто иштерди кароого катышат.

---

Мурунку берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-60)  
Кийинки берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-62)
