# 6-берене. Прокуратура органдарында кайрылууларды кароо жана чечүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 6-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-6

---

1. Прокуратура органдарында алардын ыйгарым укуктарына ылайык мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузуулар жөнүндө маалыматтарды камтыган кайрылуулар чечилет. Прокурор кабыл алган чечим жогору турган прокурорго даттанылышы мүмкүн жана өзүнүн укуктарын коргоо үчүн адамдын сотко кайрылуусуна тоскоолдук келтирбейт.

2. Прокуратура органдарына келип түшкөн кайрылуулар мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө каралат. Кайрылууга берилген жооп жүйөлүү болууга тийиш. Эгерде арызды же даттанууну канааттандыруудан баш тартылса, арыз ээсине кабыл алынган чечимге даттануунун тартиби, ошондой эле сотко кайрылуу укугу түшүндүрүлүүгө тийиш.

3. Кайрылууларды чечимдерине же болбосо аракеттерине даттанылган органга же кызмат адамына кайра жөнөтүүгө тыюу салынат.

4. Анонимдүү кайрылуулар прокуратура органдарында каралбайт.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-7)
