# 59-берене. Адистештирилген прокуратуралардын түзүмү жана уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: VIII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 февраля 2012 года № 9 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203609)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597#diff=1022201..1022202>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 59-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-59

---

1. Адистештирилген прокуратуралар Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын бирдиктүү системасына киришет, аларды адистештирилген прокуратуралардын прокурорлору жетектешет. Адистештирилген прокуратуранын прокурорлору Башкы прокурорго баш ийишет.

2. Адистештирилген прокуратуралар эксаймактык принципте Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында иш алып барышат.

3. Адистештирилген прокуратураларды кайрадан уюштурууну же жоюуну, алардын статусун, компетенциясын, түзүмүн жана штатын аныктоону Башкы прокурор жүзөгө ашырат.

4. Адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорун Башкы прокурор кызмат ордуна дайындайт жана бошотот.

5. Адистештирилген прокуратуранын прокурору:

1) өзүнүн компетенциясы жайылтылган укук колдонуу субъекттери мыйзамдарды жана укуктук актыларды аткарышына көзөмөлдү жүзөгө ашырат, ушул Мыйзамда белгилеген тартипте өз компетенциясынын чегинде прокуратуранын башка функцияларын жүзөгө ашырат;

2) тийиштүү адистештирилген прокуратуранын ишин жетектейт;

3) баш ийген кызматкерлер милдеттүү түрдө аткаруу үчүн буйруктарды, көрсөтмөлөрдү жана тескемелерди чыгарат.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-58)  
Кийинки берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-60)
