# 56-берене. Аскер прокуратурасынын органдарынын кадрлары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2014 года № 152 "О внесении дополнения и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205373)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.11.2014 [Закон КР от 14 ноября 2014 года № 152 "О внесении дополнения и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205373); 29.02.2012 [Закон КР от 29 февраля 2012 года № 9 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203609)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597#diff=1022205..1022206>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 56-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-56

---

1. Аскер прокурорлору жана тергөөчүлөр болуп аскер кызматына кирген, ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жарактуу, офицердик наамы бар жана ушул Мыйзамдын 45-беренесинин талаптарына жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары дайындалышат.

2. Аскер прокурору кызмат орду боюнча Башкы прокурордун орун басары болуп эсептелет, аны кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу тартиби ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 2-бөлүгү менен аныкталат.

3. Аскер прокуратурасынын башка прокурорлору жана тергөөчүлөрү кызмат ордуна Аскер прокурору тарабынан дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

4. Аскер прокуратурасынын органдарынын офицерлери аскер кызматкери статусуна ээ, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөшөт жана "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Мыйзамда белгиленген укуктарга жана жеңилдиктерге ээ.

5. Аскер прокуратурасынын органдарына аскердик кызматка офицерлерди аныктоону жана запаска (отставка) чыгарууну Аскер прокурорунун сунуштамасы боюнча Башкы прокурор жүргүзөт.

6. Жогорку офицердик курамдагы адамдарды запаска (отставка) чыгарууну Башкы прокурордун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти жүргүзөт.

7. Аскер прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн кызмат орду жана аларга тийиштүү аскердик наамдар аскер кызмат орундарынын тизмесине киргизилет.

8. Аскер прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө аскердик наамдарды берүү "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте тийиштүү аскер прокурорунун сунуштамасы боюнча жүргүзүлөт. Жогорку офицердик курамдын жогорку аскердик наамдары Башкы прокурордун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан берилет.

9. Аскердик прокуратура органдарынын офицерлеринин аскердик наамдары прокуратуранын аймактык органдарынын прокуратура кызматкерлеринин класстык чендерине ылайык келет.

10. Аскер прокуратура органдарынын офицерлерин аскердик кызматтан бошотууда (полковникке чейин кошулат) жана прокуратура органдарынын аймактык же адистештирилген кызматтарына орношкондо аларга аскердик наамына ылайык класстык чендер берилет.

11. Аскер прокурорлорун жана тергөөчүлөрүн аттестациялоо Башкы прокурор бардык прокуратура кызматкерлери үчүн аскердик кызматты өтөөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен белгилеген тартипте жүргүзүлөт.

12. Аскердик прокурорлор жана тергөөчүлөр ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ылайык сыйланышат жана тартип жоопкерчилигине тартылышат. Сыйлоо жана тартип жоопкерчилигине тартуу укугуна жогору турган

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9, 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-55)  
Кийинки берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-57)
