# 55-берене. Аскер прокурорлорунун ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 55-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-55

---

1. Кыргыз Республиканын Аскер прокурору жана ага баш ийген прокурорлор ушул Мыйзамда аныкталган өз компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктарга ээ болушат жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскердик башкаруу органдарынын командованиесине жана органдарына көз карандысыз жүзөгө ашырат.

2. Аскер прокурорлору ошондой эле төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:

1) аскер башкармалыгынын органдарынын коллегия жыйналыштарына, кызматтык кеңешмелерине катышат;

2) ведомстводон тышкары ревизияларды жана текшерүүлөрдү дайындайт;

3) кызматтык күбөлүктү көрсөтүү боюнча белгиленген режимге карабастан аскердик бөлүктөрдүн, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана штабдардын аймактарына жана жайларына кире алат, алардын документтерин жана материалдарын карай алышат;

4) соттолгон, камакка алынган жана кармалган аскер кызматчыларын гауптвахталарда, тартипке салуу бөлүктөрүндө жана башка жайларда кармоонун мыйзамдуулугун текшерет, аларда мыйзамсыз кармалган адамдарды тез арада бошотот;

5) аскердик жана гарнизондук гауптвахталарда, башка жайларда кармалган жана камакка алынган адамдарды күтүү жана коштоо менен жеткирүүнү, коопсуздугун камсыз кылууну тийиштүү аскердик бөлүктөрдөн, аскер коменданттарынан, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин коштоо боюнча караулдарынан, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан жана мекемелеринен талап кылат.

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-56)
