# 54-берене. Аскер прокуратурасынын борбордук аппараты

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 54-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-54

---

1. Аскер прокурорунун орун басарлары жана улук жардамчысы болот.

2. Аскер прокуратурасынын борбордук аппаратынын түзүмүн бөлүмдөр жана кызматтар түзөт. Аскер прокуратурасынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө Жобону Аскер прокурору бекитет.

3. Бөлүмдөрдө бөлүмдөрдүн начальниктери, улук прокурорлор жана прокурорлор, прокурор-криминалисттер, ошондой эле өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүлөр жана өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүлөрдүн кызмат орундары белгиленет.

4. Аскер прокуратурасынын борбордук аппаратында, курамында Аскер прокурору (төрага), орун басарлары (кызмат орду боюнча), Аскер прокурору дайындаган башка прокурорлор кирген коллегия түзүлөт. Коллегиянын өздүк курамын Аскер прокурорунун сунушу боюнча Башкы прокурор бекитет.

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-55)
