# 52-берене. Прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү укуктук жана социалдык жактан коргоо чаралары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 52-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-52

---

1. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлеринин өмүрү жана ден соолугу мамлекеттин коргоосунда турат жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен милдеттүү мамлекеттик камсыздандырылат.

2. Мамлекеттик камсыздандыруу органдары төмөндөгү учурларда камсыздоо суммасын төлөшөт:

1) прокурор же тергөөчү кызматтык милдеттерди аткарууга байланышкан учурда курман болсо. Курман болгондун үй-бүлөсүнө, анын акыркы ээлеген кызмат ордундагы бир жылдык эмгек акысынын орто эсебинен 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолу берилүүчү жөлөкпул төлөнөт. Кызматкер курман болгон учурдагы шарттарда жана негиздерде ыңгайлуу турак жай алуу укугу курман болгондун үй-бүлөсүнө сакталат;

2) прокурор жана тергөөчү кызматтык милдеттерди аткарууда кесиптик иш менен андан ары алектенүүгө жол бербеген жаракат же майыптык алса. Ага ай сайын эмгек акынын жана дайындалган пенсиянын ортосундагы айырма түрүндөгү компенсация төлөнөт, мында милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча алынган төлөмдөр кошуп эсептелбейт.

3) прокурорго жана тергөөчүгө кызматтык милдеттерди аткарууда денесине жаракат же ден соолугуна зыян келтирилсе, ал эмгекке жарамдуулугун толук жоготпосо жана андан аркы кесиптик иште эмгекке жарамдуулукка таасирин тийгизбесе - анын 5 айлык эмгек акысынын өлчөмү бир ирет төлөнөт.

3. Прокурорго жана тергөөчүгө тийиштүү мүлкүнө ал кызматтык милдеттерди аткарууга байланыштуу жоготуу же сындыруу аркылуу зыян келтирилсе, анын орду ага же анын үй-бүлөсүнө толук өлчөмдө кайтарылат.

4. Зыянды толтуруу боюнча төлөмдөр республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Мында прокуратура органдарынын кызматкерлерине зыянды төлөп берүүгө чыгымдалган каражаттар зыян келтирген күнөөкөрдөн өндүрүлүшү мүмкүн.

5. Ошондой эле социалдык коргоо боюнча чаралар, кызматчыларды сыйлоо, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, прокуратура органдарындагы жана мекемелериндеги кызматтык функциясын камсыз кылууга, өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө байланышкан чараларды каржылоо ушул Мыйзамдын 63-беренесинин 3-бөлүгү менен каралган каражаттарынан жүзөгө ашырылат.

6. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын өздүк коопсуздук кызматы болот.

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-51)  
Кийинки берене: [521-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-521)
