# 50-берене. Прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү материалдык жана социалдык жактан камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 февраля 2012 года № 9 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203609)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597#diff=1022201..1022202>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 50-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-50

---

1. Эмгекке төлөөнүн шарттары - прокуратура кызматкерлеринин эмгек акысы (акчалай маянасы) алардын кызматтык милдеттеринин жоопкерчиликтүүлүгүнүн даражасына, кызматтык милдеттеринин татаалдыгына, кызмат ордунун категориясына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

Прокуратура кызматкерлеринин эмгек акысы (акчалай маянасы) кызмат орду боюнча айлык акыдан, чен даражасы жана кызмат өтөгөн жылдары үчүн кошулган башка төлөмдөрдөн турат. Эмгек акыга (акчалай маянага) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен каралган башка төлөмдөр кошулушу мүмкүн.

2. Жумуш ордунда убактылуу жок кызматкердин милдетин аткарган прокурорлорго жана тергөөчүлөргө кошумча иш боюнча кызматтык маянадан 30% кем эмес кошумча төлөм жүргүзүлөт.

3. Атайын класстык чен жана аскердик наам берилген прокурорлор жана тергөөчүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана ченемдерде акысыз формалык кийим менен камсыз болушат.

4. Прокурорлорго жана тергөөчүлөргө 30 жумуш күнүнө созулган акысы төлөнүүчү жыл сайынкы өргүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө ден соолугун чындоо үчүн жөлөкпул берилет.

Прокурор жана тергөөчү катары иштеген стажы үчүн акысы төлөнүүчү жыл сайынкы кошумча өргүүсү 5,10,15 жана 20 жыл иштеген убактысына ылайык 2, 5, 10 жана 15 календардык күнгө көбөйөт. Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган жана иштеген прокурорлорго жана тергөөчүлөргө жылдык төлөнгөн эмгектик өргүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер менен жүргүзүлөт.

5. Прокуратура органдарынын өздөрүнүн турак жайлары жок прокурорлору жана тергөөчүлөрү, прокуратура органдарынын балансында турган кызматтык квартиралар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик администрациялар тарабынан убактылуу пайдаланууга берилген башка турак жайлар менен камсыз болушат.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [49-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-49-1)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-51)
