# 5-берене. Прокуратура органдарынын көз карандысыздыгынын кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 5-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-5

---

1. Прокуратура органдарынын ишине кийлигишүүгө тыюу салынат.

Прокурорго анын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышына же анын мыйзамсыз чечим кабын алышына кандай формада болбосун тоскоолдук келтирүү максатында таасир этүү, ошондой эле прокурорлордун сунуштарын, көрсөтмөлөрүн, эскертүүлөрүн аткарбоо мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартылат.

2. Прокурор, прокуратура органдарынын тергөөчүсү, эгерде андай учурлар жана тартиби мыйзамда белгиленбесе, өзүнүн өндүрүшүндөгү иштердин жана материалдардын маңызы боюнча кандайдыр-бир түшүндүрмөлөрдү берүүгө, ошондой эле тааныштыруу үчүн ким болбосун аларды көрсөтүүгө милдеттүү эмес. Прокурордун уруксатысыз өндүрүштө турган текшерүүлөрдүн жана иштердин материалдарын алар аяктаганга чейин жарыялоого эч ким укуктуу эмес.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-6)
