# 48-берене. Прокуратура кызматкерлерин укуктук жактан коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597#diff=1022202..1022203>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 48-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-48

---

1. Прокуратура органдарынын кызматкерлери мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү болуп эсептелишет жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда болушат.

2. Прокурорду жана тергөөчүнү, кылмыш үстүндө кармалган учурлардан тышкары, алар кызматтык милдеттерин аткарууда кармоого, айдап келүүгө, алып келүүгө, жекече карап чыгууга, ошондой эле алардын буюмдарын жана алар пайдаланган транспортту карап чыгууга жол берилбейт.

3. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Кызматтык милдеттерди аткарууга байланыштуу жеке коопсуздукту камсыз кылуу максатында жана кылмыш аракеттерине бөгөт коюу үчүн прокурор жана тергөөчү табелдик куралды сактоого, алып жүрүүгө жана мыйзамда белгиленген тартипте колдонууга жана пайдаланууга укуктуу.

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-49)
