Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
47-берене. Прокурордук кызматкерлердин атайын класстык чендери, класстык чендери жана аскердик наамдары
Күчүн жоготкон · 24.08.2020 редакциясы · VI бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 августа 2020 года № 143.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 января 2014 года № 2
1. Прокурорлорго жана тергөөчүлөргө, алардын ээлеген кызмат ордуна жана иш стажысына ылайык "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык атайын класстык чендер, класстык чендер жана аскердик наамдар берилет.
2. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын жана мекемелеринин прокурорлору жана тергөөчүлөрү үчүн ээлеген кызмат орду боюнча төмөнкүдөй чектүү атайын класстык чендер жана аскердик наамдар берилет:
Класстык чендер
Кызмат орду
Юстициянын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси
Башкы прокурор
Юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси
Башкы прокурордун биринчи орун басары
Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси
Башкы прокурордун орун басарлары, Бишкек шаарынын прокурору, Чүй жана Жалал-Абад областтарынын прокурорлору
Юстициянын генерал-майору
Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору - Башкы прокурордун орун басары
Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси
Областтардын, Ош шаарынын прокурорлору, областтардын, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын прокурорлорунун орун басарлары. Адистештирилген прокуратуралардын прокурорлору. Бишкек шаарынын Ленин, Биринчи май, Октябрь,Свердлов райондорунун прокурорлору, Жалал-Абад, Талас, Каракол, Нарын, Токмок шаарларынын, тиешелүү областтардын Кара-Суу,Өзгөн, Ноокат, Сузак, Базар-Коргон, Баткен, Кадамжай, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Ысык-Ата райондорунун прокурорлору. Башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн начальниктерижана начальниктердин орун басарлары, өзгөчө тапшырмалар боюнча Башкы прокурордун улук жардамчысы, Башкы прокуратуранын прокурор-криминалисти, Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү
Юстициянын полковниги
Аскер прокурорунун орун басары. Гарнизондордун аскер прокурорлору
Юстициянын 2-класстагы кеңешчиси
Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын прокуратураларынын бөлүмдөрүнүн начальниктери. Областтык прокуратуралардын бөлүмдөрүнүн начальниктери, областтардын, Бишкек шаарынынжана Ош шаарынын прокурорлорунун улук жардамчылары. Бишкек шаарынын Ленин, Биринчи май, Октябрь, Свердлов райондорунун прокурорлорунун орун басарлары. Жалал-Абад, Талас, Каракол, Нарын, Токмок шаарларынын прокурорлорунун орун басарлары. Тиешелүү областтардын Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Базар-Коргон, Баткен, Кадамжай, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Ысык-Ата райондорунун жана адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорунун орун басарлары. Шаарлардын, райондордун прокурорлору. Башкы прокурордун жардамчысы, Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн, прокурордук-тергөөчүлүк кызматкерлерди кесиптик даярдоо борборунун улук прокурорлору жана прокурорлору, Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүлөрү жана областтык прокуратуралардын, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын прокуратураларынын бөлүмдөрүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүлөрү
Юстициянын подполковниги
Аскер прокурорунун улук жардамчысы, аскер прокуратурасынын бөлүмүнүн начальниги, аскерпрокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, гарнизондордун аскерпрокурорлорунун орун басарлары
Юстициянын 3-класстагы кеңешчиси
Шаарлардын, райондордун прокурорлорунун орунбасарлары. Областтык прокуратуралардын, Бишкек шаарынынжана Ош шаарынын прокуратураларынын бөлүмдөрүнүн начальниктеринин орун басарлары, областтык прокуратуралардын бөлүмдөрүнүн улук прокурорлору жана прокурорлору, областтык прокуратуралардын, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын прокуратураларынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүлөрү, областтык прокуратуралардын, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын прокуратураларынын улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү
Юстициянын майору
Аскер прокуратурасынын бөлүмдөрүнүн улук прокурорлору жана прокурорлору, аскер прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү. Бишкек гарнизонунун улук тергөөчүсү. Баткен гарнизонунун тергөөчүсү
1, 2, 3-класстагы юрист, кенже юрист
Шаарлардын, райондордун жана адистештирилгенпрокуратуралардын прокурорлорунун улук жардамчылары жана жардамчылары. Шаардык, райондук жана адистештирилген прокуратуралардын улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү
Юстициянын капитаны, юстициянын улук лейтенанты, юстициянын кенже лейтенанты
Гарнизондун аскер прокурорунун улук жардамчылары, гарнизондун аскер прокурорунунжардамчылары. Гарнизондун аскер прокуратурасынын улук тергөөчүсү, гарнизондун аскер прокуратурасынын тергөөчүсү
3. Атайын класстык ченде болуунун төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленет:
1) кенже юристтин - 1 жыл;
2) 3-класстагы юристтин - 2 жыл;
3) 2-класстагы юристтин - 3 жыл;
4) 1-класстагы юристтин - 4 жыл;
5) юстициянын 3-класстагы кеңешчисинин - 5 жыл;
6) юстициянын 2-класстагы кеңешчисинин - 6 жыл.
Юстициянын 1-класстагы кеңешчисинин ченинде болуунун мөөнөттөрү ушул берененин 3-бөлүгүнүн тогузунчу абзацында каралган учурлардан тышкары белгиленбейт. "Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" - жогорку атайын класстык чени Башкы прокурордун кызматын ээлеген адамга 6 айдан эрте эмес, ал эми жогорку атайын класстык чени бар адамдардын ээлөөсүн караган башка кызматтарды үзгүлтүксүз ээлеген адамдарга, - алар дайындалган күндөн тартып 2 жылдан эрте эмес ыйгарылат. "Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси" атайын класстык ченине ээ болгон жана штаттык категориялары жогорку атайын класстык чени бар адамдардын ээлөөсүн караган кызмат орундарына дайындоого чейин саясий жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлегендердин саясий жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мөөнөтү "юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" жогорку атайын класстык ченин ыйгарууга каралган мөөнөткө эсептелинет. Класстык ченде жана аскердик наамда болуунун мөөнөттөрү мыйзамдар менен белгиленген тартипте аныкталат. Прокурордук кызматкерлерге атайын класстык чендер, класстык чендер жана аскердик наамдар ээлеген кызмат ордун, атайын класстык ченде, класстык ченде жана аскердик наамда болуунун мөөнөтүн, аттестациянын натыйжаларын эске алуу менен ушул Мыйзам менен аныкталган тартипте ыйгарылат.
4. Юстициянын 3, 2, 1-класстардагы мамлекеттик кеңешчисинин атайын класстык чендерин, юстициянын генерал-майорунун аскердик наамын ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүргүзүлөт.
Юстициянын 3, 2, 1-класстардагы кеңешчисинин, 3, 2, 1-класстардагы юристтин, кенже юристтин атайын класстык чендерин, ошондой эле прокуратура органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине юстициянын кенже лейтенанты, лейтенанты, улук лейтенанты, капитаны, майору, подполковниги, полковниги аскердик наамдарын ыйгаруу Башкы прокурор тарабынан жүргүзүлөт.
5. Эгерде акыркы класстык ченде (аскердик наамда) болуунун мөөнөтү кезектеги класстык ченди (аскердик наамды) ыйгаруу үчүн зарыл мөөнөттүн кеминде 3/2син түзсө, кезектеги атайын класстык чен (аскердик наам) мөөнөтүнөн мурда кызматтык милдетти үлгүлүү аткаргандыгы жана иште өзгөчө айырмалангандыгы үчүн прокуратура органдарында жана мекемелеринде иштеген убагында бир жолу гана өзгөчө учурларда сыйлоо тартибинде ыйгарылат.
Мында юстициянын 3, 2, 1-класстардагы мамлекеттик кеңешчисинин атайын класстык чендерин албаганда, прокуратура органдарында жана мекемелеринде иштеген убагында ээлеген кызмат орду боюнча прокуратура органдарындагы узак жана кынтыксыз кызматы үчүн кезектеги атайын класстык чен жана аскердик наам тиешелүүлүгүнөн жогору (бирок бир атайын класстык ченден же аскердик наамдан жогору эмес) бир жолу гана ыйгарылышы мүмкүн.
6. Ушул берененин 2-бөлүгү менен белгиленген ырааттуулукту сактабастан атайын класстык чендерди (аскердик наамдарды) ыйгарууга жол берилбейт.
(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9, 2014-жылдын 11-январындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 января 2014 года № 2 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 февраля 2012 года № 9 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики""Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2013 жылдын 24 октябрындагы № 3524-V "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам…Постановление · 24.10.2013 · № 3524-V
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202597/st-47" title="47-берене - Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>