# 46-берене. Прокуратура органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөөгө байланыштуу чектөөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 46-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-46

---

1. Прокурордук органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаты, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн комиссиялардын жана башка шайлоо органдарынын мүчөсү боло алышпайт.

2. Прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү саясый максатты көздөгөн саясый партиялардын жана башка коомдук бирикмелердин мүчөсү боло алышпайт, кандайдыр бир колдоолорду көрсөтө же алардын ишине катыша алышпайт.

Прокурордук кызматкерлер өзүлөрүнүн кызматтык ишинде саясый партиялардын жана башка коомдук, коммерциялык эмес бирикмелердин чечимдери менен байланыштуу эмес.

3. Прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү өздөрүнүн негизги ишин, окутуучулук, илимий жана чыгармачылыкты кошпогондо, акы төлөнүүчү же төлөнбөөчү башка иш менен айкалыштырууга укуксуз.

4. Прокурордук кызматкерлерге "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында 48579} белгиленген чектөөлөр жайылтылат.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-47)
