# 40-берене. Соттор ишти караганда прокурордун катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 40-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-40

---

1. Прокурор Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында жана башка мыйзамдарда каралган учурларда сотто иштерди кароого катышат.

2. Сотто кылмыштык куугунтуктоону жүзөгө ашырууда прокурор мамлекеттик айыптоочу катары чыгат. Сотто айыпкердин күнөөсүн далилдөө милдети мамлекеттик айыптоочуга жүктөлөт.

3. Прокурор Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык сотко арыз менен кайрылууга же жарандардын жана коомдун же мамлекеттин кызыкчылыгы мыйзамдуу корголгон учурда процесстин кандай гана стадиясы болбосун катышууга укуктуу.

4. Ишти сотто кароого катышкан прокурордун ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-41)
