# 36-берене. Прокурордун ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 36-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-36

---

1. Изин-суутпай издөө ишин, алдын ала текшерүү жана алдын ала тергөө жүргүзүүчү органдардын мыйзамдарды аткарышын көзөмөлдөө боюнча прокурордун ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын жазык-процесс мыйзамдары жана башка мыйзам актылары аркылуу белгиленет.

2. Башкы прокурордун тергөө жана алдын ала текшерүү маселеси боюнча көрсөтмөлөрү аткарууга милдеттүү болуп эсептелет.

3. Прокурор кандай гана кылмыш болбосун өзүнүн өндүрүшүнө алууга же ага баш ийген прокурорго же тергөөчүгө тапшырууга укуктуу.

4. Кылмышты териштирүү өндүрүшүндө турган прокурор же тергөөчү жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана башка катышуучуларды мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимди "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кабыл алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-37)
