# 34-берене. Прокурордун ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 34-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-34

---

1. Өзүнө жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашырууда прокурор:

1) адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушу жөнүндө арыздарды жана даттанууларды жана башка маалыматтарды карайт жана текшерет;

2) жарандарга алардын укуктарынын жана эркиндиктеринин корголушунун тартибин түшүндүрөт;

3) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузуунун алдын алуу жана бөгөт коюу, мыйзамды бузган адамдарды жоопко тартуу жана келтирилген чыгымдын ордун толтуруу боюнча чараларды кабыл алат;

4) ушул Мыйзамдын 32-беренесинде каралган ыйгарым укуктарды пайдаланат.

2. Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузган кылмыш мүнөзүндөгү негиздер бар экендиги жөнүндө кооптонуу туулса, прокурор кылмыш ишин козгойт жана аны жасаган адамдарды мыйзамга ылайык кылмыштык куугунтуктоо чараларын көрөт.

3. Адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушу администрациялык укук бузуу мүнөзүндө болсо прокурор администрациялык укук бузуу тууралуу иш өндүрүшүн козгойт же администрациялык укук бузуулар тууралуу иштерди кароого ыйгарым укуктуу органга же кызматтык адамга тез арада укук бузуу жөнүндө билдирүүнү жана текшерүүнүн материалдарын жөнөтөт.

4. Жарандык сот өндүрүшү тартибинде корголгон адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери бузулган учурда, жабырлануучу ден соолугу, жаш курагы же башка себеп боюнча жеке өзү сотто өз укуктарын же эркиндиктерин коргой албаса же кыйла сандагы жарандардын укуктары жана эркиндиктери бузулса же болбосо башка кырдаалдарга байланыштуу укук бузуу өзгөчө коомдук мааниге ээ болсо прокурор сотто жабырлануучулардын таламында доо арызын коет жана колдойт.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-35)
