# 3-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ишинин максаты жана негизги багыттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 февраля 2012 года № 9 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203609)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597#diff=1022201..1022202>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 3-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-3

---

1. Мыйзамдын үстөмдүгүн, мыйзамдуулуктун биримдүүлүгүн жана чыңдалышын, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын прокуратурасы төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын так жана бир түрдүү аткарылышына көзөмөлдү;

2) изин суутпай издөө ишин, тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышы үчүн көзөмөлдү;

3) жазык иштери боюнча соттордун чечимдерин аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын сакталышы үчүн көзөмөлдү;

4) мыйзам менен аныкталган учурларда сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүл болууну;

5) сотто мамлекеттик айыптоону колдоону;

6) мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын жазыктык куугунтуктоону.

2. Прокурорлор Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык соттордун иштерди кароосуна катышат, соттордун мыйзамга карама-каршы келген чечимдерине, өкүмдөрүнө, аныктамаларына жана токтомдоруна карата сунуш киргизишет.

3. Кыргыз Республикасынын прокуратурасы укук жаратуучу ишке катышат.

4. Кыргыз Республикасынын прокуратурасы атайын басылмаларды чыгарат.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-4)
