3-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ишинин максаты жана негизги багыттары
Күчүн жоготкон · 24.08.2020 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 августа 2020 года № 143.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 февраля 2012 года № 9
1. Мыйзамдын үстөмдүгүн, мыйзамдуулуктун биримдүүлүгүн жана чыңдалышын, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын прокуратурасы төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын так жана бир түрдүү аткарылышына көзөмөлдү;
2) изин суутпай издөө ишин, тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышы үчүн көзөмөлдү;
3) жазык иштери боюнча соттордун чечимдерин аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын сакталышы үчүн көзөмөлдү;
4) мыйзам менен аныкталган учурларда сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүл болууну;
5) сотто мамлекеттик айыптоону колдоону;
6) мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын жазыктык куугунтуктоону.
2. Прокурорлор Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык соттордун иштерди кароосуна катышат, соттордун мыйзамга карама-каршы келген чечимдерине, өкүмдөрүнө, аныктамаларына жана токтомдоруна карата сунуш киргизишет.
3. Кыргыз Республикасынын прокуратурасы укук жаратуучу ишке катышат.
4. Кыргыз Республикасынын прокуратурасы атайын басылмаларды чыгарат.
(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202597/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>