# 29-берене. Прокурордук чара көрүү актыларын мажбурлап аткаруу чаралары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 29-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-29

---

1. Прокурордук чара көрүү актылары ыктыярдуу түрдө аткарылбаган учурда, мүлкүнөн мажбурлап ажыратууну караган башка учурларды кошпогондо, прокурордун талаптарын мажбурлоо менен аткартуу жөнүндө прокурор токтомун чыгарууга жана аны аткаруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жөнөтүүгө укуктуу.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар прокурордун тийиштүү токтомун алгандан кийин аны аткаруу үчүн токтоосуз түрдө чара көрүүгө милдеттүү.

3. Кызмат адамдары, жарандар түшүндүрмөлөр жана көрсөтмөлөр берүү үчүн прокуратура органдарына келүүдөн баш тарткан учурда прокурор мындай адамды прокуратура органына мажбурлап алып келүү жөнүндө токтом чыгарууга укуктуу, ал ички иштер органдары тарабынан алынган күндөн тартып 3 сутканын ичинде аткарылат.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-30)
