# 24-берене. Прокурордун токтому

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 24-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-24

---

1. Прокурор ченемдик укуктук актысынын бузулушунун мүнөзүнө жараша, укук бузуу боюнча жазык ишин же администрациялык, тартиптик өндүрүшүн козгоо жөнүндө жүйөлүү токтом чыгарат.

2. Прокурордун администрациялык же тартиптик укук бузуулар жөнүндө өндүрүштү козгоо жөнүндө токтому ага ыйгарым укук берилген орган же кызмат адамы тарабынан токтом кабыл алынган күндөн тартып 10 күндүк мөөнөттө каралууга тийиш. Кароонун натыйжасы жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө билдирилет. Токтомго карата андан ары даттануу анын аткарылышын токтотот.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-25)
