# 23-берене. Прокурордун талап кылуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 23-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-23

---

1. Ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндө талап кылуу бузуу ачыктан-ачык мүнөзгө ээ болгондо жана эгерде ал дароо четтетилбесе, жарандардын, мамлекеттин, ишкананын, мекеменин, уюмдун укугуна жана таламына олуттуу зыян келтирилиши мүмкүн болгон учурларда прокурор тарабынан киргизилет.

2. Талап кылуу укуктук ченемдик актынын бузулушуна жол берген органга же кызмат адамына, ошондой эле жаранга же болбосо баш ийүү тартибинде ченемдик укуктук актынын бузулушун четтетүүгө укуктуу жогору турган органга, же кызмат адамына берилет.

3. Талап кылууда бузулган ченемдик укуктук акт, укук бузуунун мүнөзү жана аны четтетүү боюнча чаралар тууралуу конкреттүү сунуштар көрсөтүлөт.

4. Талап кылуу 10 күндүк мөөнөттө аткарылууга тийиш. Анын аткарылгандыгы жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө билдирилет.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-24)
