# 21-берене. Прокурордун каршылык билдирүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 21-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-21

---

1. Прокурор чоң юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга карама-каршы келген, укуктук актыга карата мындай актыны чыгарган органга же кызмат адамына же болбосо жогору турган органга же жогору турган кызмат адамына, андан чоң юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга ылайык келтирүү же болбосо аны жокко чыгаруу үчүн каршылыгын билдирет.

2. Каршылык билдирүү четке кагылган учурда прокурор Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында каралган тартипте сотко кайрылууга укуктуу.

3. Каршылык билдирүү ал келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде милдеттүү түрдө каралууга тийиш. Анын натыйжасы жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө билдирилет. Мыйзамды бузууну токтоосуз түрдө четтетүүнү талап кылган өзгөчө жагдайларга прокурор каршылык билдирүүнү кароонун кыскартылган мөөнөтүн белгилөөгө укуктуу. Каршылык билдирүүнү караган учурда жана ага чейин каршылык билдирилген аткарылбаган актынын иш аракети токтотула турат.

4. Коллегиялык орган тарабынан каршылык билдирүүнү кароодо каршылык билдирген, аны кароодо катышууга укуктуу болгон прокурорго жыйналыш болуучу күн жөнүндө кабар берилет. Прокурор сотко кайрылган учурда ал сөзсүз түрдө катышуусу керек.

5. Каршылык негизсиз киргизилген учурда каршылык билдирүү ал каралганга чейин аны келтирген прокурор, же болбосо жогору турган прокурор тарабынан кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-22)
