# 20-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын укуктук актыларынын системасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 февраля 2012 года № 9 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203609)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597#diff=1022201..1022202>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 20-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-20

---

1. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын укуктук актыларынын системасын ушул Мыйзамдын 3-беренесине ылайык прокуратурага жүктөлгөн көзөмөлдүк жана башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча актылардын жыйындысы түзөт.

2. Көзөмөлдүк ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда прокурор төмөндөгү прокурордук чара көрүү актыларын колдонот: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каршылык билдирүүнү, сунуштаманы, талап кылууну, эскертүүнү, токтомду, доо арызын, көрсөтмөнү колдонот.

3. Соттордун иштерди кароосуна катышуу менен прокурор апелляциялык, кассациялык жана көзөмөлдүк тартипте киргизилген билдирүү жасоону, сунушту, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке сунушту колдонот.

4. Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка укук коргоо органдары жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө маалымат, кызматташтык жөнүндө макулдашуу, макулдашылган иш аракет программалары, сунуштар, рекомендациялар, башка актылар пайдаланылат.

5. Эл аралык-укуктук кызматташтык процессинде прокуратура Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө тапшырманы, экстрадициялоо жөнүндө өтүнүчтү, макулдашууну жана башка актыларды колдонот.

6. Прокуратура органдарындагы буйруктар, көрсөтмөлөр, тескемелер, регламент, жоболор, нускамалар уюштуруучулук-тескөөчүлүк актылар болуп саналат.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-21)
