# 19-берене. Прокурордун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 февраля 2012 года № 9 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О прокуратуре Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203609)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597#diff=1022201..1022202>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 19-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-19

---

1. Башкы прокурордун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 7 жыл, областтардын, шаарлардын, райондордун прокурорлорунуку жана аларга теңештирилген прокурорлордуку - 5 жыл.

2. Областтардын, шаарлардын жана райондордун прокурорлору администрациялык-аймактык бир региондо өзүнүн кызмат ордун катары менен эки мөөнөттөн ашык ээлей алышпайт.

3. Прокурорлор өздөрүнүн каалоосу боюнча, башка ишке которулганына байланыштуу же ден-соолугунун абалы боюнча милдеттерин аткара албай калганда, аттестациянын натыйжасы боюнча, жасаган кылмышы үчүн соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган башка негиздер боюнча ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-20)
