# 15-берене. Областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын прокурорлорунун прокуратурага баш ийген органдарга жетекчилик кылуу боюнча ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 15-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-15

---

Областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын прокурорлору:

1) өздөрүнүн компетенциясынын чектеринде укук колдонуучу субъекттердин мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды, Башкы прокурордун укуктук актыларынын аткарылышына көзөмөлдүктү жүзөгө ашырышат; ушул Мыйзамда, Башкы прокурор белгилеген тартипте өзүнүн компетенциясынын чектеринде прокуратуранын башка милдеттерин жүзөгө ашырат;

2) прокурордук көзөмөлдүктү жана башка милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча тийиштүү прокуратуранын ишин жетектешет;

3) өздөрүнө баш ийген кызматкерлер аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды, көрсөтмөлөрдү, тескемелерди чыгарышат;

4) бөлүмдөрдүн начальниктеринин орун басарларын, бөлүмдөрдүн улук прокурорлорун жана прокурорлорун, криминалист-прокурорлорду, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүлөрдү жана тергөөчүлөрдү, ошондой эле тийиштүү прокуратуралардын башкы, жетектөөчү адистерин жана адистерди; шаарлардын, райондордун прокурорлорунун орун басарларын, улук жардамчыларын, жардамчыларын, улук тергөөчүлөрдү, тергөөчүлөрдү кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

5) өздөрүнүн аппараттарынын жана прокуратурага баш ийген прокуратуралардын штаттык тизмесине Башкы прокуратуранын макулдугу боюнча алардын санынын жана эмгек акы фондунун чектеринде өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-16)
