# 10-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратура системасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202597)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3993/edition/1022200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202597/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 10-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-10

---

1. Кыргыз Республикасынын прокуратура системасын төмөнкүлөр түзөт:

1) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (мындан ары - Башкы прокуратура);

2) Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы (мындан ары - Аскер прокуратурасы);

3) областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын прокуратурасы;

4) райондук (шаардык) жана аларга теңештирилген: адистештирилген прокуратуралар, гарнизондордун аскердик прокуратуралары;

5) илимий жана билим берүү мекемелери, басылмалардын редакциялары.

2. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын органдары менен мекемелери социалдык-тиричилик жана чарбалык багыттагы оперативдүү башкаруу объекттерине ээ болушат.

3. Адистештирилген прокуратураларды, гарнизондордун аскердик прокуратураларын, райондук (шаардык) прокуратураларды түзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча Башкы прокурор тарабынан чечилет.

4. Адистештирилген прокуратураларды, гарнизондордун аскер прокуратураларын, райондук (шаардык) прокуратураларды кайра уюштуруу жана жоюу Башкы прокурор тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Аскер прокуратурасын, областтык прокуратураларды, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларын түзүү же жоюу жөнүндө маселе Башкы прокурордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан чечилет.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202597/st-11)
