# 7-берене. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча план

- Документ: [Жайыттар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202594)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-январындагы № 30 "Жайыттар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 10.07.2020 [Закон КР от 10 июля 2020 года № 76 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Земельный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О пастбищах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112093); 28.12.2011 [Закон КР от 28 декабря 2011 года № 254 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пастбищах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203520)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202594#diff=1188200..15260>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202594/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3990/edition/1188194/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202594/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жайыттар жөнүндө, 7-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202594/st-7

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Орто мөөнөттүү мезгилге жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планды түзөт. Планда жайыттарды туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу жана бардык пайдалануучулардын өз укуктары жана милдеттери жөнүндө кабардар болушу үчүн зарыл болгон бардык негизги маалымат камтылат.

Планды түзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын пландары эске алынат.

2. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын планына төмөнкүдөй компоненттер кирет:

- жайыттардын чектери, пайдалануудан чыгарылган аянттар жана корголуучу аянттар, мал айдап өтмө жолдор, сугаруучу жайлар жана жайыт инфраструктурасынын маанилүү башка объекттери, жайыттардын абалы жана жайыттын бардык участокторунун сапаты белгиленген карталар;

- оптималдуу жүк;

- жайыт инфраструктурасынын объекттерин өнүктүрүү жана реконструкциялоо боюнча пландар;

- жайыттарды башкаруу, пайдалануу, аларды жакшыртуу жана 5 жылдык мөөнөткө чейин реабилитациялоо боюнча орто мөөнөттүү план;

- жылда жаңылануучу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планы;

- жайыттарды башка максаттарда башкаруу жана пайдалануу планы.

3. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын планы, аны жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы бекиткенден кийин бардык жайыт пайдалануучулар тарабынан аткарылууга милдеттүү.

(КР 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202594/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202594/st-8)
