# 12-берене. Ижаралоо укугун жайыт белетине алмаштыруунун тартиби

- Документ: [Жайыттар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202594)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-январындагы № 30 "Жайыттар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202594/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3990/edition/1188194/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202594/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жайыттар жөнүндө, 12-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202594/st-12

---

1. Мамлекеттик менчиктеги жайыт жерлерин ижаралоого катталган укугу бар, жайыт пайдалануунун белгиленген тартибин мурда сактаган жайыт пайдалануучуларга ушул Мыйзам колдонууга киргизилгенден кийин өзүнүн ижаралоо укугун ижарада камтылган жайыт аянттарынын оптималдуу жүгүнө ылайык малдын максималдуу санын жаюуну жабуучу жайыт белетине милдеттүү түрдө алмаштырылат.

2. Жайыттарды пайдаланууну жөнгө салуучу мурда белгиленген укуктук жол-жоболорго ылайык түзүлбөгөн же катталбаган жайыт ижаралоо жараксыз деп табылат.

3. Жайыт белети болбогон учурда жайыттар максаттуу багытта пайдаланылбаган катары алып коюулууга тийиш.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202594/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202594/st-13)
