# 9-берене. Ченемдик укуктук актылардын колдонулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3987/edition/1086582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202591/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 9-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-9

---

1. Ченемдик укуктук актылар алар күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана аткарылууга жатат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актылары алар күчүнө кирген күндөн тартып тийиштүү аймакта колдонулат жана аткарылууга жатат.

2. Эгерде актынын өзүндө же аны колдонууга киргизүү жөнүндөгү актыда башкача каралбаса, ченемдик укуктук акт мөөнөтсүз колдонулат.

3. Колдонуу мөөнөтү бүтүндөй ченемдик укуктук акт же анын структуралык айрым элементи үчүн белгилениши мүмкүн. Ченемдик укуктук актынын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин актыны чыгарган орган актынын колдонулушун жаңы мөөнөткө узартууга же ага мөөнөтсүз мүнөз берүүгө укуктуу.

4. Ченемдик укуктук актынын же анын структуралык айрым элементинин колдонулушу белгилүү бир мөөнөткө токтото турулушу мүмкүн. Ченемдик укуктук актынын же анын айрым структуралык элементинин колдонулушун токтото туруу өзүнчө ченемдик укуктук акт менен жүзөгө ашырылат.

5. Ченемдик укуктук актынын колдонулушу ал күчүнө киргизилгенге чейин келип чыккан мамилелерге карата жайылтылбайт. Бул эрежеге ченемдик укуктук актынын же анын айрым структуралык элементинин артка карата колдонулушу анын өзүндө же ченемдик укуктук актыны колдонууга киргизүү жөнүндө актыда белгиленген учурлар, ошондой эле мурда каралган укук бузгандык үчүн жоопкерчилик алып салынган же жеңилдетилген учурлар кирбейт.

Жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү, жарандарга, юридикалык жактарга жаңы жоопкерчиликтерди жүктөөчү же болбосо алардын абалын начарлатуучу ченемдик укуктук актылар артка карата колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-10)
