# 8-берене. Ченем жаратууга ыйгарым укуктарын башкага ыйгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 июля 2014 года № 112 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205333)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591#diff=1086590..1086591>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3987/edition/1086582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202591/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 8-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-8

---

1. Ченем жаратуучу органдар өздөрүнүн ченем жаратууга ыйгарым укуктарын тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын карамагындагы маселелер боюнча ыйгарууга укуктуу.

Ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ыйгаруу ченем жаратуучу орган тарабынан ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ыйгаруу жөнүндө актыны кабыл алуу жолу менен жүзөгө ашырылат. Ишкердик ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ыйгарууга жол берилбейт.

2. Башкага ыйгаруу жөнүндө актыда ыйгарым укуктар кайсы органга ыйгарылып жаткандыгы, конкреттүү ыйгарым укук жана анын мөөнөтү, ошондой эле ыйгарылган ыйгарым укук жүзөгө ашырылуучу актынын түрү көрсөтүлөт.

3. Тигил же бул ыйгарым укук ыйгарылган орган аны башка органга берүүгө укуксуз.

4. Өзүнө ыйгарылган ыйгарым укукту жүзөгө ашыруу тартибинде ченемдик укуктук актыны чыгарып жаткан орган ага тийиштүү ыйгарым укукту берген ченем жаратуучу органдын актысына шилтеме кылат.

(КР 2014-жылдын 7-июлундагы № 112 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-9)
