# 6-берене. Ченемдик укуктук актылардын иерархиясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 июля 2025 года № 137 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029362)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.07.2025 [Закон КР от 10 июля 2025 года № 137 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029362); 07.03.2025 [Закон КР от 7 марта 2025 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023496); 11.07.2013 [Закон КР от 11 июля 2013 года № 131 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203939)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591#diff=28460..34872>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3987/edition/1086582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202591/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 6-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-6

---

1. Ченемдик укуктук актылар юридикалык күчүнүн деңгээли боюнча төмөнкүдөй иерархияда жайгашат:

Конституция, Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүчү мыйзам; конституциялык мыйзам; кодекс; мыйзам; Президенттин жарлыгы; Жогорку Кеңештин токтому; Министрлер Кабинетинин токтому; Улуттук банктын, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын актылары; Министрлер Кабинетинин ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын берүү актыларына ылайык, ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актылары. өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын башкаруучу компаниясынын ченемдик укуктук актылары;

2. Ченемдик укуктук акт өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга каршы келбеши керек.

3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик тилдеги тексти расмий тилдеги тексти менен окшош болбогон учурда мамлекеттик тилдеги текст түп нуска болуп эсептелет.

4. (КР 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 131, 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 , 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-7)
