# 4-берене. Ченемдик укуктук актылардын түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 июля 2025 года № 137 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029362)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.07.2025 [Закон КР от 10 июля 2025 года № 137 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029362); 07.03.2025 [Закон КР от 7 марта 2025 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023496); 11.07.2013 [Закон КР от 11 июля 2013 года № 131 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203939)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591#diff=28460..34872>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3987/edition/1086582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202591/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 4-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-4

---

1. Ченемдик укуктук актылар төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

Конституция - эң жогорку юридикалык күчкө ээ болгон, түздөн-түз колдонулуучу жана эң маанилүү коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууда негиз болуучу принциптерди жана ченемдерди бекитүүчү, мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу үчүн укуктук негиз түзүүчү ченемдик укуктук акт; конституциялык мыйзам - Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте жана анда белгиленген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук акт; кодекс - бир тектүү коомдук мамилелерди системалуу жөнгө салууну камсыз кылуучу ченемдик укуктук акт; мыйзам - белгиленген тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана тиешелүү чөйрөдөгү абдан маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт; Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы - Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) чыгаруучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүчү ченемдик укуктук акт; Жогорку Кеңештин токтому - Конституцияда, мыйзамдарда Жогорку Кеңештин карамагына киргизилген маселелер боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүчү ченемдик укуктук акт; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому - кыйла жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан кабыл алынуучу, ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген ченемдик укуктук акт; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому - өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан өз компетенциясынын чектеринде кабыл алынуучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүчү ченемдик укуктук акт; Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому - өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы (мындан ары - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия) тарабынан өз компетенциясынын чегинде кабыл алынуучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүчү ченемдик укуктук акт; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын токтомдору - өздөрүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан өз компетенциясынын чегинде, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында кабыл алынуучу, тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ болгон жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген ченемдик укуктук актылар.

өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын актысы - өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагындагы субъекттердин, органдардын жана жумушчулардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын башкаруучу компаниясы тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук акт.

2. Башка аталыштардагы актылар (нускамалар, жоболор, эрежелер жана башкалар) ушул Мыйзамда каралган ченемдик укуктук актылар менен бекитилет.

(КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 131, 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 , 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-5)
