# 36-берене. Өткөөл жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3987/edition/1086582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202591/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 36-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-36

---

1. Колдонуудагы ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин үч айдын ичинде Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилет.

Конституциялык мыйзамдарды, кодекстерди, мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын токтомдорун кошпогондо, ушул бөлүктүн биринчи абзацында белгиленген мөөнөттө Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилбеген ченемдик укуктук актылар өздөрүнүн күчүн токтотот жана колдонулууга жатпайт.

2. Ушул Мыйзамга ылайык ченем жаратуу органы болуп эсептелбеген мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган (чыгарылган) ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн шартта 2010-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

Ушул Мыйзамга ылайык ченем жаратуу органы болуп эсептелбеген мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган (чыгарылган) ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө тыюу салынат.

3. ССР Союзунун ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө 2009-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулат.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-37)
