# 35-берене. Прокурордук чара көрүү актысы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3987/edition/1086582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202591/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 35-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-35

---

1. Конституцияга, конституциялык мыйзамга, кодекске, мыйзамга каршы келген ченемдик укуктук актыга карата прокурордук чара көрүү актысы прокурор же анын орун басары тарабынан мындай ченемдик укуктук актыны кабыл алган органга жиберилет.

2. Прокурордук чара көрүү актысы ченемдик укуктук актыны же анын структуралык элементин токтото туруу, жокко чыгаруу же күчүн жоготту деп табуу үчүн негиз болушу мүмкүн.

3. Прокурордук чара көрүү актысы четке кагылган (ага макул болбогон) учурда прокурор сотко кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-36)
