# 331-берене. Ченемдик укуктук актылардын колдонулушунун мониторинги жана натыйжалуулугуна баа берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 марта 2025 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023496)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.03.2025 [Закон КР от 7 марта 2025 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023496); 18.02.2014 [Закон КР от 18 февраля 2014 года № 35 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205257)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591#diff=1086595..28460>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-331>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3987/edition/1086582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202591/st-331.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 331-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-331

---

1. Ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары) алардын колдонулушунун натыйжалуулугун жана үзүрдүүлүгүн табуу максатында алар тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү туруктуу негизде жүргүзөт.

2. Ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү жүзөгө ашырууга көз карандысыз эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү тартылат.

3. Алардын колдонулушунун төмөнкү натыйжалуулугу жана үзүрдүүлүгү жөнүндө күбөлөндүргөн ченемдик укуктук актылардын мониторинги жана аларга баа берүү жөнүндө маалыматтар ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же болбосо коомдук мамилелердин ушул чөйрөсүн кыйла натыйжалуу жөнгө салуучу жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.

4. Ченемдик укуктук актылардын мониторинги жана аларга баа берүү ченемдик укуктук актыны кабыл алган (чыгарган) ченем жаратуучу орган (кызмат адамы) тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2014-жылдын 18-февралындагы № 35, 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-33)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-34)
