# 32-берене. Коллизияларды чечүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 июля 2025 года № 137 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029362)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591#diff=28460..34872>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3987/edition/1086582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202591/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 32-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-32

---

1. Ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия болгон учурда укуктук мамилелердин субъекттери жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актынын ченемин жетекчиликке алат.

2. Мыйзамдардын ченемдери кодекстердин ченемдери менен ажырымданган учурда мыйзамдын ченемдери кодекске тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин гана колдонула алат.

3. Бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия болгон учурда жана алардын ичинен бирөөсү дагы жогору юридикалык күчкө ээ болгон актыга карама-каршы келбесе, укуктук мамилелердин аталган чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жобосу колдонулат.

4. Ченем жаратуучу органдар өздөрүнүн компетенциясынын чөйрөсүнө кирген ченемдик укуктук актылардагы коллизияларды жоюу үчүн мындай актыларга карата туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп турууга милдеттүү.

5. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорунун жана конституциялык Мыйзамдын, Кодекстин жоболорунун ортосунда коллизия болгон учурда "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору колдонулат.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [311-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-311)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-33)
