# 31-берене. Расмий чечмелөө (түшүндүрмө берүү)

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июля 2013 года № 131 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203939)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.07.2013 [Закон КР от 11 июля 2013 года № 131 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203939); 19.02.2013 [Закон КР от 19 февраля 2013 года № 22 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203829)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591#diff=1086587..1086588>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3987/edition/1086582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202591/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 31-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-31

---

1. Ченемдик укуктук актыларда так эместиктер, аларды колдонуу практикасында туура эместиктер же карама-каршылыктар табылган учурда расмий чечмелөө (түшүндүрмө) берилет.

2. Ченемдик укуктук актыны же анын түзүмдүк элементин расмий чечмелөө (түшүндүрүү) Конституцияны кошпогондо, ошол актыны кабыл алган же чыгарган ченем чыгаруучу орган же кызмат адамы тарабынан ченемдик укуктук актыны кабыл алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

3. Расмий чечмелөөдө ченемдердин мазмуну түшүндүрүлөт же такталат, алардын мыйзамдар системасындагы орду, ошондой эле бир эле түрдөгү коомдук мамилелердин ар кандай аспектилерин жөнгө салуучу башка ченемдер менен болгон функциялык жана башка байланыштары аныкталат.

4. Ченемдик укуктук актыларды расмий чечмелөө процессинде аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт.

5. Мыйзамдардын ченемдери Конституциянын жоболоруна толук ылайык келгендей түрдө, ал эми башка ченемдик укуктук актыларда камтылган ченемдер - Конституцияга, конституциялык мыйзамдарга, кодекстерге жана мыйзамдарга ылайык чечмелениши керек.

(КР 2013-жылдын 19-февралындагы № 22, 2013-жылдын 11-июлундагы № 131 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-30)  
Кийинки берене: [311-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-311)
