# 29-берене. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 марта 2025 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023496)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.03.2025 [Закон КР от 7 марта 2025 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023496); 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 115 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности органов местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/111962); 29.12.2016 [Закон КР от 29 декабря 2016 года № 224 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О гарантиях и свободе доступа к информации", "О доступе к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики", "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111505); 22.02.2013 [Закон КР от 22 февраля 2013 года № 30 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203837); 07.12.2012 [Закон КР от 7 декабря 2012 года № 195 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203795)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591#diff=1086595..28460>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3987/edition/1086582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202591/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 29-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-29

---

1. Ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланууга жатат.

2. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо деп ченемдик укуктук актылардын тексттерин Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу басма сөздүк же электрондук басылмада жарыялоо жолу менен аларды жалпыга маалымдоо түшүнүлөт.

Караңыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтому Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актылары Өкмөт тарабынан аныкталган басма сөз же электрондук басылмада, же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан аныкталган атайын көрүнүктүү жерлерде (доскаларда, стенддерде) жарыяланышы мүмкүн.

3. Ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.

4. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланган датасы деп ушул акт жарыяланган басылма жарыкка чыккан күн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларынын тексти атайын көрүнүктүү жерлерде жарыяланган күн эсептелет.

5. Мамлекеттик жана (же) аскердик жашыруун сырды камтыган ченемдик укуктук актыларды кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоодо толук эмес берүүгө жол берилбейт.

6. Жарыялоо жөнүндө маалымат Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилет.

7. Ченемдик укуктук актыларды башка жалпыга маалымдоо каражаттарында басып чыгарууда басылманын расмий булагына шилтеме милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш.

8. Укук колдонуу практикасында ченемдик укуктук актылардын расмий жарыяланыштары пайдаланылууга тийиш.

9. Жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү, жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү ченемдик укуктук актылар боюнча ченем чыгаруучу орган же болбосо компетенциясына ушул ченемдик укуктук актыларда көтөрүлгөн маселелер кирген мамлекеттик орган (кызмат адамы) милдеттүү тартипте маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

(КР 2012-жылдын 7-декабрындагы № 195, 2013-жылдын 22-февралындагы № 30, 2016-жылдын 29-декабрындагы № 224 , 2019-жылдын 8-августундагы № 115, 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-30)
