# 28-берене. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестри

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 марта 2025 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023496)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.03.2025 [Закон КР от 7 марта 2025 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023496); 07.07.2014 [Закон КР от 7 июля 2014 года № 112 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205333); 22.02.2013 [Закон КР от 22 февраля 2013 года № 30 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203837)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591#diff=1086595..28460>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3987/edition/1086582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202591/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 28-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-28

---

1. Ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине (мындан ары - Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестри) киргизилет.

2. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрин алып барууну Юстиция министрлиги ишке ашырат.

3. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен ченемдик укуктук актыларды таркатуу Интернет тармагы аркылуу акысыз жүргүзүлөт.

4. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 токтому менен бекитилген)

5. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилбеген ченемдик укуктук акт юридикалык күчкө ээ болбойт.

(КР 2013-жылдын 22-февралындагы № 30, 2014-жылдын 7-июлундагы № 112, 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-29)
