# 26-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорун кабыл алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 февраля 2013 года № 30 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203837)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591#diff=1086586..1086587>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3987/edition/1086582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202591/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 26-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-26

---

1. Эгерде Конституцияда башкача каралбаса, ченемдик укуктук актылар ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга ыйгарым укугу бар ченем жаратуучу орган тарабынан ушул Мыйзамда жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларда аныкталган тартипте кабыл алынат.

1-1. Ченемдик укуктук актылар мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат. Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет. Жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен финансылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча финансылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого жатат.

2. Ченемдик укуктук актыны кабыл алууга укугу бар ченем жаратуучу орган ченемдик укуктук актынын долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөргө укуктуу:

ченемдик укуктук актыны кабыл алууга; себептерин көрсөтүү менен долбоорду четке кагууга; өз сын-пикирлерин жана сунуштарын көрсөтүү менен долбоорду толуктап иштеп чыгуу үчүн кайра кайтарууга. (КР 2013-жылдын 22-февралындагы № 30 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-27)
