# 25-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорунун маалымкат-негиздемесине карата негизги талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 марта 2025 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023496)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.03.2025 [Закон КР от 7 марта 2025 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023496); 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 115 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности органов местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/111962); 18.02.2014 [Закон КР от 18 февраля 2014 года № 35 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205257)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591#diff=1086595..28460>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3987/edition/1086582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202591/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 25-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-25

---

Ченемдик укуктук актынын долбооруна карата негиздеме-маалымкатта төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш: ченемдик укуктук актыны кабыл алуунун натыйжасында жетишүү же чечүү болжолдонгон максаттар жана маселелер; ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу учурунда колдонуудагы ченемдик укуктук базанын талданышы, коомдук мамилелердин ушул чөйрөсүндө колдонулган мыйзамдардын мониторинги жана аларга баа берүү жөнүндө маалыматтар; кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыны колдонуудан улам келип чыгуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын божомолу; коомдук талкуулоо жүргүзүлүшү керек болгон учурларда анын натыйжалары жөнүндө маалымат; ченемдик укуктук актынын долбоорунун мыйзамдарга ылайык келүүсүнүн талданышы; эгерде ченемдик укуктук актынын долбоору жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон, тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары, бирликтери менен консультациялардын жана талкуулардын натыйжалары; аны финансылоо булактарынын болушу. жөнгө салуучу таасирди талдоо жүргүзүлүүгө тийиш болгон учурда, анын натыйжалары жөнүндө маалымат. (КР 2014-жылдын 18-февралындагы № 35, 2019-жылдын 8-августундагы № 115, 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-26)
