# 24-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорун ченемдик укуктук актыны кабыл алуу укугуна ээ болгон субъектке киргизүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2026 года № 69 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики", "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046323)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.05.2026 [Закон КР от 19 мая 2026 года № 69 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики", "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046323); 22.02.2013 [Закон КР от 22 февраля 2013 года № 30 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203837)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591#diff=50063..53304>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3987/edition/1086582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202591/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 24-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-24

---

1. Ченемдик укуктук актыны кабыл алуу укугуна ээ болгон субъектке киргизиле турган ченемдик укуктук актынын долбооруна төмөнкүлөр тиркелет:

коштомо кат; маалымкат-негиздеме; салыштырма таблица (ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилсе же ал жаңы редакцияда берилсе); ченемдик укуктук актынын макулдашылганы жөнүндө маалыматты камтыган документтер - зарыл болсо; жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар - зарыл болсо.

2. Эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.

3. Ченемдик укуктук актынын долбоорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жол берүү жөнүндө чечим кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун кошпогондо, ченемдик укуктук актынын долбоору кагаз же электрондук түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет.

4. Ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизүү тартибинин башка маселелери ченемдик укуктук актыны кабыл алуу укугуна ээ болгон тиешелүү субъект тарабынан аныкталат.

5. Ушул берененин талаптарын бузуу менен киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору каралбастан кайра кайтарылууга жатат. Мүчүлүштүктөр оңдолгондон кийин долбоор кароого белгиленген тартипте киргизилет.

(КР 2013-жылдын 22-февралындагы № 30, 2026-жылдын 19-майындагы № 69 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык палатасынын чечими 2013 жылдын 28 ноябры №12-р

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-25)
