# 22-берене. Коомдук талкуулоону уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 марта 2026 года № 24 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230043278)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.03.2026 [Закон КР от 13 марта 2026 года № 24 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230043278); 07.03.2025 [Закон КР от 7 марта 2025 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023496)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591#diff=34872..50063>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3987/edition/1086582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202591/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 22-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-22

---

1. Жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарына, эркиндиктерине, милдеттерине түздөн-түз тиешеси бар, коомдук мамилелерди жаңыдан жөнгө салууну киргизген ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкуулоодон өтүүгө тийиш.

Коомдук талкуулоо Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (мындан ары - Бирдиктүү портал) долбоорду, ага карата маалымкат-негиздемени жана салыштырма таблицаны (ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр же жаңы редакция киргизилген учурда) жайгаштыруу аркылуу жүргүзүлөт. Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштыруу аркылуу коомдук талкуулоого коюлат. Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкуулоо үчүн Бирдиктүү порталга кошумча жайгаштырылышы мүмкүн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечими боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору коомдук талкуулоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан аныкталган көрүнүктүү болгон атайын жерлерде жана булактарда жайгаштырылышы мүмкүн. Келип түшкөн сын-пикирлер жана сунуштар ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырган субъект тарабынан милдеттүү түрдө каралууга тийиш. Ченемдик укуктук актынын долбооруна аларды киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен келип түшкөн сын-пикирлер жана сунуштар жөнүндө жыйынтыктоочу маалымат ченемдик укуктук актынын долбоорунун маалымкат-негиздемесинде чагылдырылат. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Бирдиктүү порталга жайгаштыруу жана коомдук талкуулоо жол-жобосунан өткөрүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн талаптары төмөнкүдөй ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жайылтылбайт:

Конституциялык соттун чечиминен келип чыгуучу; редакциялык-техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган; коргонууну жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик сырларды сактоо, аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салуучу; убактылуу мүнөзгө ээ, колдонуу мөөнөтү бир жылдан аз болгон, баалардын туруктуулугуна жетишүүгө жана аны колдоого, акча-кредит саясатын ишке ашырууга, банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган; Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган, аларды кезексиз тартипте кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилүүчү; ал жеткис жагдайлардын шарттарында жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жөнгө салууга багытталган.

3. Коомдук талкуулоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча чыгымдарды каржылоо ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдоону жүзөгө ашырган субъекттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

4. Майыптыгы бар адамдардын укуктарына тийиштүү, коомдук талкуулоо үчүн жарыяланган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору демилгечи тарабынан Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңешке жиберилет.

(КР 2025-жылдын 7-мартындагы № 51, 2026-жылдын 13-мартындагы № 24 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-23)
