# 21-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорун макулдашуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 марта 2025 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023496)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.03.2025 [Закон КР от 7 марта 2025 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023496); 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 115 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности органов местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/111962)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591#diff=1086595..28460>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3987/edition/1086582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202591/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 21-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-21

---

Ченемдик укуктук актылардын долбоорлору аларды Президентке, Министрлер Кабинетине киргизүүдөн мурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - Юстиция министрлиги) менен, мамлекеттин кирешелерин азайтууну же чыгымдарын көбөйтүүнү караган маселелер боюнча - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен, ишкердик субъекттеринин иш-аракетин жөнгө салууга багытталган маселелер боюнча - ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен, эгерде ченемдик укуктук актылардын ченемдери алардын компетенцияларына тийиштүү болсо - башка мамлекеттик органдар менен, жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары, бирликтери менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш. (КР 2019-жылдын 8-августундагы № 115, 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-22)
