# 20-берене. Ченемдик укуктук актынын долбооруна юридикалык жана башка илимий экспертиза жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 марта 2025 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023496)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.03.2025 [Закон КР от 7 марта 2025 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023496); 14.03.2014 [Закон КР от 14 марта 2014 года № 47 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205268)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591#diff=1086595..28460>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3987/edition/1086582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202591/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 20-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-20

---

1. Жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин камсыз кылуу; коомдук бирикмелердин, массалык маалымат каражаттарынын укуктук статусу; мамлекеттик бюджет, салык системасы; экологиялык коопсуздук; укук бузууларга каршы күрөшүү; ишкердик иш-аракетти мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрлөрүн киргизүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлору укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык; антикоррупциялык жана башка илимий экспертизадан өткөрүлүүгө жатат (жөнгө салынышына ченемдик укуктук актынын долбоору багытталган укуктук мамилелерге жараша).

2. Илимий экспертизанын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

долбоордун сапатына, негиздүүлүгүнө жана заманбаптыгына, долбоордо ченем жаратуу техникасынын сакталышына баа берүү; долбоордун Конституцияга, конституциялык мыйзамдарга, мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык келишине баа берүү; ченемдик укуктук актынын долбоорунун натыйжа берүү мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо; долбоорду ченемдик укуктук акты катары кабыл алуунун натыйжасында келип чыгуучу социалдык, экономикалык, илимий-техникалык, экологиялык жана башка терс кесепеттерин айкындоо жана аларга баа берүү; илимий экспертизаны өткөрүүдө коюлуучу башка маселелерди кароо.

3. Ченем жаратуучу орган ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун илимий экспертизадан өткөрүү үчүн башка өлкөлөрдөн илимпоздорду жана адистерди чакырышы мүмкүн. Долбоор илимий экспертизадан өткөрүү үчүн эл аралык уюмга жиберилиши мүмкүн.

4. Ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдоого тикелей катышпаган адамдар гана эксперттер катары тартылат.

5. Көз карандысыз эксперттерди (жеке жана юридикалык жактарды) адистештирилген экспертиза түрлөрүн жүзөгө ашыруу укугуна аккредитациялоону Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, аккредитациялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.

Көз карандысыз эксперттерди (жеке жана юридикалык жактарды) ченемдик укуктук актыларга карата адистештирилген экспертиза түрлөрүн жүзөгө ашыруу укугуна аккредитациялоонун тартибин Министрлер Кабинети белгилейт. (КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 47, 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-21)
