# 19-берене. Ченемдик укуктук акт долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 марта 2025 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023496)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.03.2025 [Закон КР от 7 марта 2025 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023496); 03.04.2020 [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112023)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591#diff=1086595..28460>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3987/edition/1086582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202591/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 19-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-19

---

1. Ушул бөлүктүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген методикага ылайык жөнгө салуучу таасирди талдоо жүргүзүлүүгө тийиш.

Жөнгө салуучу таасирди талдоо төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлбөйт: ал жеткис жагдайлардын шарттарында ишкердик иш-аракетти жөнгө салууда; колдонуу мөөнөтү бир жылдан аз болгон, баалардын туруктуулугуна жетишүүгө жана аны колдоого, акча-кредит саясатын ишке ашырууга, банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган убактылуу ченемдик укуктук актыларды даярдоодо. Караңыз: КР Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 "Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтому

2. Жөнгө салуучу таасирди талдоо ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучу жак тарабынан жүргүзүлөт жана камсыз кылынат.

3. Жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган негиздеме иштеп чыгуучу жак тарабынан берилбеген учурда ченемдик укуктук актынын долбоору четке кагылууга жатат.

(КР 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33, 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-20)
