# 18-берене. Мыйзам чыгаруу иш-аракетин пландаштыруунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 марта 2025 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023496)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591#diff=1086595..28460>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3987/edition/1086582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202591/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 18-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-18

---

1. Министрлер Кабинети жыл сайын мыйзам долбоорлоо иштеринин планын иштеп чыгат жана бекитет.

2. Мыйзам долбоорлоо иштеринин пландарынын долбоорлорун иштеп чыгууда Президент жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жалпы мамлекеттик жана улуттук программалар, стратегиялар, концепциялар, Президенттин кайрылуулары жана билдирүүлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, мамлекеттик органдардын, Элдик Курултайдын, илимий мекемелердин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуштары, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга жүргүзүлгөн мониторингдин жана баа берүүнүн натыйжалары эске алынат.

3. Ченемдик укуктук актылар мыйзам долбоорлоо иштеринин планынан тышкары даярдалышы мүмкүн.

(КР 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-19)
