# 16-берене. Ченемдик укуктук актыларда шилтемелерди колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3987/edition/1086582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202591/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 16-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-16

---

1. Ченемдик укуктук актыда анын структуралык элементтерине, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга жана алардын структуралык элементтерине карата шилтемелер ченемдердин өз ара байланышын көрсөтүү же аларды кайталоодон оолак болуу максатында зарыл болгон учурларда гана колдонулат.

2. Конституцияга карата шилтеме колдонулганда Конституциянын кабыл алынган датасы жана башка реквизиттери көрсөтүлбөйт.

3. Кодекске жана мыйзамга карата шилтеме колдонулганда ченемдик укуктук актынын түрү жана аталышы көрсөтүлөт.

4. Башка ченемдик укуктук актыга же анын структуралык элементине карата шилтеме колдонулганда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

ченемдик укуктук актынын түрү жана аталышы; ченемдик укуктук актынын кабыл алынган датасы, каттоо номери. Ченемдик укуктук актыга шилтемелер бир нече жолу колдонулганда биринчи шилтемеден башка учурларда анын түрү жана аталышы көрсөтүлөт.

5. Ченемдик укуктук актыга же анын структуралык элементине карата ошол эле ченемдик укуктук актыда шилтеме берүү "ушул" деген сөздү колдонуу менен жасалат.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-17)
