# 15-берене. Ченемдик укуктук актылардагы кыскартылмалар жана жалпылаштырылган түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3987/edition/1086582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202591/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 15-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-15

---

1. Мамлекеттик органдардын (уюмдардын) кыскартылган аталышын колдонууга мындай кыскартылган аталыш расмий болуп саналган учурда гана уруксат берилет. Ченемдик укуктук актыда объектти биринчи жолу сөз кылганда анын толук аталышы берилет, ал эми кашаанын ичинде кыскартылган аталышы көрсөтүлөт, андан ары ушул объект ченемдик укуктук актынын текстинде кыскартылган түрүндө берилет.

2. Мамлекеттик органдарды (уюмдарды) белгилөөчү жалпылаштырылган түшүнүктөр (сөздөр, сөз айкаштары) ченемдик укуктук актыларда кайсы болбосун мамлекеттик органга (уюмдарга) тийиштүү жалпылаштырылган түшүнүк колдонулган учурда гана пайдаланылат.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-16)
