# 11-берене. Ченемдик укуктук актынын формасына жана структурасына коюлуучу жалпы талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июля 2013 года № 131 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203939)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591#diff=1086587..1086588>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3987/edition/1086582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202591/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 11-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-11

---

1. Ченемдик укуктук актынын тексти адабий тилдин ченемдерин жана юридикалык терминологияны сактоо менен берилет. Эскирген, көп маанилүү сөздөрдү, туюнтмаларды, эпитеттерди, метафораларды колдонууга, сөздөрдү кыскартууга жол берилбейт. Берененин (пункттун) тексти башка беренелерде (пункттарда) кайталанып баяндалбайт.

2. Ченемдик укуктук актылар ичкертен ыңгайлаштырылуусу, логикалык жактан туура түзүлүшү жана ченем чыгаруу техникасына ылайык келиши керек.

Ченемдик укуктук актылардын текстин баяндоодо адегенде жалпы, андан кийин конкреттүү жоболор берилет. Укуктук ченемдерди баяндоодо өтө эле жалпылаштырылган же өтө эле майдаланган туюнтмалар колдонулбашы керек.

3. Ченемдик укуктук актынын, анын бөлүктөрүнүн, бөлүмдөрүнүн, бөлүмчөлөрүнүн, главаларынын жана беренелеринин аталыштары кыска, так берилиши жана алардын негизги мазмунун чагылдырышы керек. Ченемдик укуктук актылардын текстинде колдонулган терминдер жана түшүнүктөр түшүнүктүү жана бир маанилүү болушу керек. Ченемдик укуктук актыда колдонулуучу терминдерди жана түшүнүктөрдү тактоо зарыл болгондо актыда алардын маанисине түшүндүрмө берүүчү берене (пункт) жайгаштырылат.

Өзгөртүүнү жана (же) толуктоону караган ченемдик укуктук актынын аталышы өзгөртүү жана (же) толуктоо киргизилүүчү ченемдик укуктук актынын аталышын, ошондой эле жөнгө салынуучу коомдук мамилелердин чөйрөсүнө кыскача көрсөтмөнү камтый алат.

4. Өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор негизги ченемдик укуктук актыга киргизилет. Негизги ченемдик укуктук актыга аны өзгөрткөн жана (же) толуктаган мыйзам актысына өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жолу менен өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт.

5. Ченемдик укуктук актыларды күчүнө киргизүүнүн жана мамлекеттик органдарга тапшырма берүүнүн тартиби корутунду жоболор түрүндө берилет.

6. Ченемдик укуктук актыларда төмөнкүдөй реквизиттер болушу керек:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби; ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык актынын түрүнө карата көрсөтмө; ченемдик укуктук актынын жөнгө салуу предметин билдирүүчү аталышы; кабыл алынган жери жана датасы; каттоого алуу номери; тийиштүү ченемдик укуктук актыга кол коюуга ыйгарым укук берилген адамдын колтамгасы; герб түшүрүлгөн мөөр. (КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-12)
