# 10-берене. Ченемдик укуктук актынын (структуралык элементтин) колдонулушун токтотуу, аны жокко чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 марта 2025 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023496)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591#diff=1086595..28460>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3987/edition/1086582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202591/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 10-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-10

---

1. Төмөнкүдөй учурларда ченемдик укуктук актынын (структуралык элементтин) колдонулушу токтотулат:

ченемдик укуктук акт (структуралык элемент) эсеп кылынган мөөнөт бүткөндө; мурда кабыл алынган ченемдик укуктук актынын (структуралык элементтин) жоболоруна каршы келгенде же ченемдик укуктук актыны (структуралык элементти) өзүнө сиңирип алган жаңы ченемдик укуктук акт кабыл алынганда; мыйзамдарда белгиленген тартипте ченемдик укуктук акт (структуралык элемент) конституциялык эмес же жараксыз деп табылганда; ченемдик укуктук акт (структуралык элемент) ушул актыны кабыл алган орган же буга ыйгарым укугу бар башка орган тарабынан күчүн жоготту деп табылганда же актынын (структуралык элементтин) колдонулушу токтото турулганда.

2. Ченемдик укуктук актыны же анын структуралык элементин конституциялык эмес же жараксыз деп табуу жөнүндө соттун чечими расмий жарыяланууга тийиш жана Министрлер Кабинети белгилеген тартипте мамлекеттик органдарга жиберилет.

Ченемдик укуктук актыны (анын структуралык элементин) конституциялык эмес же жараксыз деп табуу анын колдонулушун токтотууга же болбосо ченем жаратуучу орган тарабынан мындай актынын (структуралык элементтин) андан жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирилишине алып келет.

3. Бүтүндөй ченемдик укуктук актынын же анын структуралык элементинин колдонулушун жокко чыгаруу ушул ченемдик укуктук акт же анын структуралык элементи аны жокко чыгарган ченемдик укуктук акт же анын структуралык элементи күчүнө кирген күндөн тартып колдонулушун токтотот дегендикти билдирет.

4. Ченемдик укуктук актыны толугу менен же анын структуралык элементин күчүн жоготту деп табуу, эгерде күчүн жоготту деп табуу жөнүндө актыда башкача каралбаса, ушул актыны же анын структуралык бөлүгүн күчүн жоготту деп тапкан ченемдик укуктук акт күчүнө кирген күндөн тартып аталган ченемдик укуктук актынын же анын структуралык элементинин колдонулушу токтойт дегендикти билдирет.

Ченемдик укуктук актыны же анын структуралык элементин күчүн жоготту деп табуу ченемдик укуктук акт же анын структуралык элементи күчүн жоготконго чейин пайда болгон укуктук мамилелер үчүн кандайдыр бир юридикалык кесепеттерге алып келбейт.

5. Юридикалык күчү жогору болгон ченемдик укуктук актынын же анын структуралык элементинин колдонулушу жокко чыгарылганда же ал күчүн жоготту деп табылганда, эгерде жокко чыгаруу же күчүн жоготту деп табуу жөнүндөгү актыда башкача каралбаса, жокко чыгарылуучу же күчүн жоготту деп табылуучу актыга негизделген ченемдик укуктук актылар же алардын структуралык элементтери да өзүнүн колдонулушун токтотот.

6. Юридикалык күчү жогору болгон ченемдик укуктук актынын же анын структуралык элементинин колдонулушун токтото туруу, эгерде анын колдонулушун токтото туруу жөнүндөгү актыда башкача каралбаса, токтото турулуучу актыга негизделген ченемдик укуктук актылардын же алардын айрым ченемдеринин токтото турулушуна алып келет.

(КР 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202591/st-11)
